Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

19-февраль: Тарых барактары


2005-жылдын бул күнү ошо кездеги президент Аскар Акаев Бишкектеги КМШ окумуштууларынын жыйынында "Кыргызстанда түстүү революция болбойт жана аны самагандардын тилеги ишке ашпайт", - деп айткан.
2005-жылдын бул күнү ошо кездеги президент Аскар Акаев Бишкектеги КМШ окумуштууларынын жыйынында "Кыргызстанда түстүү революция болбойт жана аны самагандардын тилеги ишке ашпайт", - деп айткан.

Кыргызстандын калкты тамак-аш менен камсыздоо кошуну 1926-жылдын 19-февралында үй кызматчыларын кошунга кабыл алуу туурасында чечим чыгарган. Александр II 1861-жылдын 19-февралында крепостнойлук укукту жойгон Манифест жарыялаган. Дүйнөнүн гелиоборбордук системасын ачкан айтылуу полшалык астроном, философ Николай Коперник 1473-жылдын 19-февралында жарык дүйнөгө келген.

Россия императору Александр II 1876-жылдын 19-февралында Кокон хандыгынын жоюлушу жана анын ордуна Фергана областынын уюшулушу туурасында жардык жарыялаган. Падышалык жардыкта Түркстан чөлкөмүнүн түштүк-чыгыш чегарасындагы бейпилдикти камсыз кылыш максатында Фергана областын куруу зарылчылыгы белгиленет. Фергана областы административдик жактан Түркстан генерал-губернаторлугуна, аскер бийлиги боюнча Түркстан аскер округуна киризилген. Фергана областынын начальнигине аймакты басып алуудагы эмгеги эске алынып, генерал М. Д. Скобелев дайындалган.

Кыргызстандын калкты тамак-аш менен камсыздоо кошуну 1926-жылдын 19-февралында үй кызматчыларын кошунга кабыл алуу туурасында чечим чыгарган.

Кыргыз ВКП (б) обкому менен контролдоо комитетинин IV бириккен пленуму 1933-жылдын 19-февралында ишин аяктаган. Пленумда жазгы айдоо өнөктүгү жана түшүмдүүлүктү арттыруу, мал чарбасын өнүктүрүү менен туруктуу тоют базасын куруу сыяктуу маселелер каралган.

Шериктеш мамлекеттердин окумуштуулары 2005-жылдын 19-февралында Бишкек шаарына чогулушуп, илим багытындагы интеграция маселесин талкуулашкан. Илим жыйынына Кыргызстан, Азербайжан, Белорусия, Латвия жана Россия илим академияларынын жана Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин илимпоздору катышып, окумуштуулар постсоветтик мейкиндиктеги билим берүү тармагын өркүндөтүү, эл аралык стандарттарды кабыл алуу маселелери тегерегинде пикир алмашышкан.

Кыргызстанда түстүү революция болбойт жана аны самагандардын тилеги ишке ашпайт,-деп билдирди президент Аскар Акаев 2005-жылдын 19-февралында Бишкекте өткөн Шериктеш мамлекеттердин окумуштуулар жыйынында. Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстанда демократиянын пайдубалы бекем орноп, калктын «лимон революциясы», «кызгылт сары революция» сыяктуу вирустарга иммунитети иштелип чыккан.

Нарын облустук кеңеши 2005-жылдын 19-февралында облус аймагында митинг жана демонстацияларга мораторий жарыялоо туурасында токтом кабыл алган. Токтомдо каралгандай, коомдук жайларда боз үй, чатыр тигүүгө тыю салынып, аны көзөмөлдө иши жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырылган.

Кыргыз жазма адабиятын калыптанышына зор салым кошкон көрүнүктүү коомдук ишмер Бөрү Кененсарин 1964-жылдын 19-февралында жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Айтылуу Петр I 1712-жылдын бул күнү Екатерина менен баш кошкон.

Напалеон Бонапарт 1800-жылдын 19-февралында өзүн Франциянын консулу деп жарыялаган.

Адьюнк-профессор Лобачевский Н. И. 1826-жылдын 19-февраль күнү Казан университетинин физико-математикалык бөлүмүнө «Геометрия башталышынын түйүндүү баяны» аттуу эмгегин сунуш кылган. Ошентип мейкиндик түшүнүгүн түп тамырынан өзгөрткөн неевклиддик геометрия багыты ачылган.

Александр II 1861-жылдын 19-февралында крепостнойлук укукту жойгон Манифест жарыялаган. Император жардыкка каздын канатынан жасалган калем менен кол койгон жана ал тарыхый мурас катары 1917-жылга чейин Москвадагы тарых музейинде сакталып келген.

Америкалык атактуу ойлоп тапкыч Томас Алва Эдисон 1878-жылдын бул күнү фонографты патенттеген.

Дүйнөнүн гелиоборбордук системасын ачкан айтылуу полшалык астроном, философ Николай Коперник 1473-жылдын 19-февралында жарык дүйнөгө келген. Көпөстүн үй-бүлөсүндө тарбия алган Николай Коперник атасынынын көзү өткөндөн кийин вармий епископтугунда билимин өркүндөткөн. Кийин ал Краков университетин бүтүрүп, италиялык университеттерде астрономия, медицина жана укук предметтерин окуп, билимин өркүндөткөн. Николай Коперник отуз жыл чамалуу коргоо чебинин мунарасында жашап, аны ал асман дүйнөсүн изилдей турган обсерваторияга айландырган. Латерандык собор календарды реформалоо максатында комиссия уюштуруп, Коперникти Римге чакырган. Азыркы тил менен айтканда Николай Коперниктин ал комиссиядагы «эксперттик» кызматы окумуштуунун өмүрүнө залакасын тийгизбей койгон эмес.

Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандын тарыхый географиясын жетик изилдеген айтылуу орус окумуштуусу Александр Павлович Федченко 1844-жылдын 19-февралында жарык дүйнөгө келген. А. П. Федченко Памирдеги мөңгүнү ачкан жана Советтер Союзундагы көлөмдүү мөңгү изилдөөчүнүн урматына ал мөңгү А. П. Федченконун ысмы менен аталган.

Советтер Союзундагы эне жана баланы коргоо системасын курууга активдүү катышкан айтылуу советтик педиатр, СССР ИА мүчө-корреспонденти Георгий Несторович Сперанский 1873-жылдын 19-февралында жарык дүйнөгө келген.

Дүйнөгө аты таанылган шахмат гроссмейстери Давид Ионович Бронштейн 1924-жылы, ал эми Советтер Союзунун ички иштер министри маалында М. С. Горбачевдун саясатын каршы ГКЧП аталган мамлекеттик кутум уюштурууга катышкан Борис Карлович Пуго 1937-жылдын бул күнү жарык дүйнөгө келишкен.
XS
SM
MD
LG