Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 22:49

АКШ президенти Ооганстанга дагы 17 000 аскер жиберүү сунушун колдоду


Президент болгондон кийинки алгачкы аскердик аракети катары Барак Обама Ооганстанга кошумча 17 000 миң аскер жиберүү сунушун колдоду. Бул аскерлер талип согушчандарына каршы күрөшкө коюлмакчы. Ак үй тараткан маалыматка караганда, бул күчтөр учурда Ооганстанда турган АКШнын 35 000 аскерине кошулуп, курчуп бараткан кырдаалды жөнгө салуу үчүн пайдаланылмакчы. Президент Барак Обама, кошумча аскерлер Ооганстанда курчуп бараткан абалды жөнгө салуу үчүн керектигин айткан.

XS
SM
MD
LG