Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Барак Обама Ооганстанга дагы 17 миң аскер киргизет


AKШ аскерлери оогандар арасында
AKШ аскерлери оогандар арасында

АКШ Ооганстанга дагы 17 миң аскер жөнөнтөт. Азыр Ооганстанда 35 миң ашуун АКШлык аскер бар. Президент Барак Обама мындай чечимин Ооганстанда абалдын осолдоп кетүүсү жана өлкөгө стратегиялык жактан жетерлик көңүл бурулбай жатканы менен түшүндүрдү.

Президент Барак Обаманын чечимине ылайык ылайык, жай жана жаз айларында Ооганстанга кошумча дагы 17 миң америкалык аскер жөнөтүлөт. Алардын өзөгүн АКШнын тандалма деңиз күчтөрүнүн жоокерлери түзөт. Ооганстанда АКШнын 30 миң колу, союздаштардын 38 миң аскери бар. Демейде жаз менен жарыша талип согушчандарынын кол салуулары күчөй баштайт.

Кошумча аскер Ооганстанда августта болчу президенттик шайлоо алдындагы коопсуздукту камсыздоо үчүн да маанилүү.

Барак Обама аскерлерди жайгаштыруу маселесин өткөн түнү Ооган президенти Хамид Карзай менен телефон аркылуу талкуулады. Эки лидердин биринчи түз байланышын Карзайдын өкүлү Хумаян Хамидзада эки өлкө арасындагы кызматташуунун «жаңы барагы ачылды» деп сыпаттады. Бул сүйлөшүү Карзайдын жетекчилик жөндөмүнөн АКШнын жаңы администрациясы күмөн санап жатат деген кепти төгүндөөгө өбөлгө да болду.

Ооган өкмөтүнүн маалымдашынча, АКШлык 17 миң аскер түштүктөгү жана чыгыштагы опурталдуу аймактарга киргизилет. Талиптер түштүктө өзгөчө активдүү болгондуктан, Кандагардагы британиялык, канадалык, нидерландиялык аскерлерге тыным бербей жүрөт.

Ооганстанда АКШнын 30 миң колу, союздаштардын 38 миң аскери бар.

Обама Ооганстандагы аскерлердин саны көбөйтүлөрүн жарыялагандан көп өтпөй Британ тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд расмий Лондон Ооганстанда тынчтык орнотууга олуттуу салым кошоорун билдирди: «Британиянын Ооганстан боюнча узак мөөнөттүк милдеттенмеси бар экенин айтып коюу өтө маанилүү. Бул дипломаттардын саясый милдеттенмелерин, жардам берчү жамааттарыбыздын өзүнө алган вазийпасын, албетте, аскерий милдеттенмени камтыган милдеттенмелер».


Милибэнд аскерлердин өлүмү британдарга ый-муң алып келгени менен, Ооганстанды кайрадан глобалдык терроризмдин инкубаторуна айландырбоо Британиянын коопсуздугу үчүн маанилүү экенин кошмчалай кетти.

АКШнын жаңы жетекчилиги да Ооганстанда тынчтык орнотуу үчүн түрдүү багытта иш алып баруу зарыл деп санайт. Маселен, Барак Обама шаршемби күнү Канаданын СВС телеканалына берген интервьюда Ооганстанда ийгиликке жетүү үчүн дипломаттык жана экономикалык механизмдерди колдонуу зарыл деди.

Вашингтон союздаштардан да Ооганстанга кошумча аскер жөнөтүүнү сурайт деп күтүлүүдө. Мындай өтүнүч Обама бейшемби күнү Оттавада Канаданын премьер-министри Стивен Харпер менен кездешкенде айтылат деп болжолдонууда.. Альянска кирген күчтөрдүн ичинен Канада баарынан көп аскер жоготкон.


Жоготуулардан улам кээ бир өлкөлөр Ооганстандагы аскерин көбөйтүүнү көп каалашпайт.

XS
SM
MD
LG