АКШ президенти Барак Обама турак жай тармагына 75 миллиард доллар бөлүүнү сунуш кылды. Президент белгилегендей, бул жардам ипотекалык кризисти ооздуктоого багытталмакчы. План 9 миллиондой америкалыктын турак- жайларын сактап калууга жардамдашат. Шейшембиде Обама экономиканы куткаруу долбооруна кол койгон.