Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Европа Банкы кыргыз экономикасына сереп салды


Европа өнүгүү банкынын эсептөөсү боюнча быйыл Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 3,9 пайызга өсүшү мүмкүн. Мындай маалыматты банктын башкы экономисти Рика Ишии докладында билдирди. Бирок банк экономиканын өсүшү басаңдашы мүмкүн жана ага дүйнөлүк кризис жана Орусия менен Казакстан кептелип турган кырдаал таасир тийгизиши мүмкүн деген жыйынтыкка келген. Ага аталган мамлекеттерде экономиканын басаңдашы бул өлкөлөрдө иштеген кыргыз мигранттарынын кирешесин азайтышы жана экспортту төмөндөтүшү мүмкүн. Кыргыз мигранттары өлкөгө жиберген каражат ички дүң продукциянын 25 пайызын түзөт жана анын 90 пайызы Орусия менен Казактандагы мигранттардан түшөт деген расмий маалымат бар.(BD)

XS
SM
MD
LG