Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Бакиев башка “өлкөдө” жашайбы?


Гезиттер өлкөнүн ички-тышкы турмушундагы ар кандай окуяларды талкууга алууну улантып жатышат.

“Учур” гезити Ак үй И. Чудиновдун ордуна Т. Сариевдин колун сурай баштаптыр, кокус ал өкмөт башчылыгына макулдугун берсе Ө. Бабановдун кейпин киет дейт, “Агым” гезитин А. Ким сатып алган менен ага баш редакторлукка киши таппай атыптыр, айтылуу Алым Токтомушев баш редакторлуктан баш тартыптыр дейт деген кабар таратты.

Гезит ошону менен бирге эле баяндамачы Манас Осмондун “Ычкыр саясаты” аттуу макаласын сунуш кылды. Саясый согушта оппоненттин ычкырына дүрбү салуу пастыкты түшүндүрөрүн белгилеген баяндамачы, жакындан бери оппозициянын атасы Ө. Текебаев жөнүндө тири-укмуш фото-монтаждар ММК булактарында жарыяланып жатканын, бирок мындан Текебаевдин кылы кыйшайып, үзөңгүсү үзүлүп кетпегенин, аны мындай ыкма менен саясат талаасынан да сүрүп чыгарууга болбостугун белгилеп, бир убакта ушул гезит Текебаевдин “двойниги” бар деп жазганын окурмандардын оюна салган.

Гезит саясат иликтөөчү, СДПК мүчөсү Жыргалбек Турдукожоевдин гезиттин өткөн санынан бери жарыяланып келаткан “Өнөбүзбү же өлөбүзбү?” аттуу-макаласынын корутунду бөлүгүн окумрмандарга тартуулады. “Кыргыз бийлиги канткенде оңолот?” деп суроо койгон автор: “Экс-президент Аскар Акаевдин “эмгеги” – бул керт башынын, үй-бүлөсүнүн гана кызыкчылыгын көздөгөн сасык тумоодой моралдык-психологиялык климат түзгөнүндө болгон, Акаев жетекчилердин бүтүндөй бир муунун так ушул жолойдо тарбиялаган” деп жазат. Андан ары ал мурдагы бийлик машинасы менен азыркы бийлик машинасын салыштырат. Кыргызстан бүгүн образдуу айтканда ошол Акаевдан мураска калган бузук, жүрбөй калган автоунаага окшош. Ага олтурган айдоочу же мамлекет башчысы автоунааны жүргүзүү үчүн элди артынан түрттүрүп алышы керек. Антпесе автоунаа жүрбөйт. Эгер айдоочу бир аз ыймандуу жан болсо анда унаага жалгыз өзү түшөт. Ыймансызы өзү менен кошо үй-бүлөсүн, тууган-туушкандарынын баарын түшүрүп алып, анан артынан элге түрттүрүп жүрөт. Мындайлар акыры же аңга түшөт, же жардан алыс кулайт. Жыргалбек мырзанын оюнча: “Бүгүн бийлик коридорун Нарын дайрасындагы Токтогулдун тунук суусу менен жууп, андан соң Каркыранын таза абасы менен желдетиш керек”. Антпесе болбой калды.

“Айат пресс” гезити журналист Олжобай Шакирдин “Жайлады” деген макаласын басты. “Оппозициянын алдыңкы сабында жүрүп, президенттин дарегине айтпаганды айтып, кийин ордонун курчоосуна кошулган Субаналиев, Эшимканов, Карабеков, Бабанов өңдүүлөр да эртең эле кызматтан түшөр замат бийликке тиш кайрап чыгары кадиксиз. Ошон үчүн оппозицияны ээрчигенден эл көңүлү калды” деп жазган журналист оппозициябыз деген менен бул күчтөрдүн эмдигиче таянар трибунасы – өз ММКсы жоктугун, саясый кармашта ушул жагынан уттуруп келатканын, бири-бирин коргой албагандыгын, кээ бир маселелерде тайсалдап каларын, кезинде кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы менен жекеме-жеке сүйлөшкөнү Болот Шенриязов барып, криминалга каршы митингке Эдил Байсалов чыкканын баяндаган.

Гезит муну менен катар эле партия лидери Алмаз Атамбаев менен кеңири интервьюну да сунуштады. Атамбаев сөзүндө өткөн жылы анын туулган күнүнө белек катары “Манастын” чоң томун жөнөткөн президент “кайра иштешели дегенин, бирок ал президент адегенде реформага барсын, анан иштешебиз” деп айтканын, азыр оппозициялык күчтөр да шайлоого даярданып жатканын, бул жолу оппозиция толук утушу мүмкүндүгүн билдирген.

“Жаңырык апта” гезити укук коргоочу Рамазан Дырылдаев менен маектешкен Дырылдаев өз сөзүндө көр оокаттын айынан 1 жарым млн. кыргыз чет өлкөдө тентип, мыкты деген кыргыздын бүгүнкү күндө жылдызы өчүп, чөгүп турганын, демек бул Кыргызстандын келечегине, элдин улут катары сакталып калышына абдан терс таасирин тийгизерин баса белгилеген. Ал андан ары азыр Орусияда миңдеген кыргызды өлтүрүп коюп жаткандыгын, бул маселе мамлекеттик деңгээлде өтө кылдат каралышы керектигин, Бакиев 2-мөөнөткө барбайм деп коюп кайра барам деп атканын, эл жашоосун оңдой албагандан кийин президенттикке кайрадан аттанганы туура эместигин айткан. Ушул эле гезит аркылуу жазуучу Токтобай Мүлкүбатов: “Бакиевдин шайлоого катышам дегенинен ката издөөнүн кажети жок” дейт.

“Аалам” гезити буга карата айрым саясатчылардын ой-пикирлерин ортого салды.

Мирослав Ниязов: - Биз бүгүн мурдагы СССР өлкөлрүнүн ичинен 15-орундабыз. Жылыш болуп жыргаганы жатабыз деп эчким айталбайт. Бул 1-ден. 2-ден шайлоодо баарын ыплас жол менен бүтүрүп алам деген ой менен барып жатат. Эгер Бакиев шайлоого катыша турган болсо элдин 10 пайызы добуш бериши мүмкүн, бирок жалпы калк ишеним көрсөтпөйт. Шайлоого барам дегени “мен өзүмдүн билгенимди жасайм” дегени.

Бегиш Ааматов: -Президенттик шайлоодон мурун 93-жылкы Конституцияны ордуна коюш керек.

Алмаз Атамбаев: - Шайлоого катышууга Бакиевдин укугу бар.

Жантөрө Сатыбалдиев: - Шайлоого катышам дегенин мен колдойм. Ал эми шайлайбы, шайлабайбы эл чечет.

Аликбек Жекшенкулов: - Албетте, президент шайлоого барат, бирок эл аны колдойбу, ушуну ойлонуп туруп анан кадам жасаса болмок.

Исмаил Исаков: - Президент Кыргызстанда жашабай, башка бир аралда жашагандай түр көрсөтүп жатат. Элдин Бакиевге мамилеси такыр башка. Анын президенттик шайлоого катышпай койгону Кыргызстандыктар үчүн чоң пайда.

Азимбек Бекназаров: - Орусиядан күздө акча келбей кала турган коркунучтар бар. Ал орустарга барганда “Ганси базасын чыгарсаң 2-мөөнөткө сени менен иштешебиз” деп далыга таптап койду окшойт. Ал ойлоп жатат фальсификация жолу менен эле баягы “Ак жолду” шайлагандай кылып өтүп алам, күчкө салам деп, бул жолку шайлоодо Бакиев 10 пайыз гана алышы мүмкүн, андан ашык алалбайт.

“Владислав Лисовский оппозиция тараптагы жападан жалгыз орус улутундагы адам. Ал өзүнүн күтпөгөндөй айткан ойлору менен саясат чөйрөсүндөгү адамдардын кызыгуусун туудуруп келет” деп мүнөздөгөн “Лица” гезити мына ушул “Свобода выбора” аттуу партиянын лидери менен аңгемелешкен. В. Лисовский суроолорго берген жоопторунун биринде бийлик көп маселелерди эл менен эсептешпей эле чечип келаткаканын, мындай мисал АКШ авибазасын чыгаруу маселесинде көрүнгөнүн далилге тартса болорун кеп кылган. Саясатчы ошону менен бирге эле АКШ авибазасы өңдүү Орусиянын аскер базасынын буга дейре конкреттүү кандай иш жасаганын билбей тургандыгын айткан. Кадрлар маселесине токтолгон В. Лисовский президент кайра бийликке алып келген Д.Үсөнов эл алдында өзүн дискредациялап алган адам экенин, ал эми президент Германияда дарыланып жаткан убагында бийликти өз колуна алгысы келген А. Мадумаров ислам өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын, анын ичинен Сауд Арабиясынын кызыкчылыгын колдоорун, ошондуктан Бакиевге кадрлар маселесин кайра карап чыгууну сунуштарын сөз кылган.
XS
SM
MD
LG