Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Социал-демократтар: “Манас” аба базасы аймактын коопсуздугу үчүн маанилүү


“Манас” аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча АКШ менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу маселесине карата жалпы фракциянын билдирүүсүн фракция башчысы Бакыт Бешимов парламентте окуп берди. Анда айтылгандай АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аскердик аба базасы Канттагы Орусиянын аскердик аба базасы сыяктуу эле Борбор Азиянын коопсуздугуна экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүдө өтө зарыл болуп саналат. Бул базалардын орун алышы менен Кыргызстандын коопсуздугу бейпил болуп калганы менен, жалпы аймактагы экстремизм менен терроризм коркунучу азайган жок, деп белгилеген социал-демократтар “Манас” аба базасын Кыргызстандан чыгарууга али эрте, деп эсептешет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG