Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:45

Нарындагы коомдук уюмдардын өкүлдөрү ЖКга кайрылуу жолдошту


Кыргыз Республикасында мыйзам чыгаруу демилгесин президент, өкмөт жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге 30 миң шайлоочу кол топтоо аркылуу киргизе алат. Бирок шайлоочулардын мыйзам кабылдоого катышуулары абдан төмөн. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү шайлоочулар арасында белгисиз. Маселен соңку 8 жылда шайлоочулардын демилгеси менен бир гана мыйзам сунушталып кабыл алынган. Мындай маалыматтар Нарын облустук жарандык коомду колдоо борбору уюштурган «Парламенттин мыйзам чыгаруудагы ар тараптуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу» аттуу долбоорду талкуулоодо айтылды. Ушундан улам жыйындын катышуучулары парламентке шайлоочулардын мыйзамдарды кабылдоого катышуусун арттыруу чакырыгы менен кайрылуу жолдошту. (KUs)

XS
SM
MD
LG