Бүгүн президент Курманбек Бакиев Түркиянын Кыргызстанда жүргөн энергетика жана жаратылыш ресурстар министри Мехмет Гюлер менен жолугушат. Мындай маалыматты “Азаттыкка” президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов билдирди. Анын айтымында, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуулар талкууланат. Мехмет Гюлер менен бүгүн Премьер-министр Игорь Чудинов да жолугушат. Бирок кызматташуу боюнча жаңы макулдашууларга кол коюлары белгисиз.Түркия министри жетектеген делегациянын курамында ар тармактын 30 адиси жана 5 окумуштуу бар. Алар Кыргызстан менен алакалашуунун келечектүү тармактарын иликтөө үчүн келишкен. (BD)