Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Ирандын АКШ менен түз сүйлөшүүгө ниети бар


Ирандын Тышкы иштер министри Манучер Моттаки Тегеран Вашингтон менен түз сүйлөшүү өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат деп билдирди. Бирок бул үчүн АКШ саясатын өзгөртүп жатканын көргөзүшү керек. Мындай пикирин Моттаки Азербайжандагы сапар маалында ортого салды. Тегеран кандай өзгөрүүлөрдү күтүп жатат деген суроого министр: “Алар өздөрү жакшы билишет” деген жообун узатты. 10-февралда Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Тегеран Вашингтон менен өз ара урматтоого жана теңдикке негизделген сүйлөшүүлөргө даяр деген эле.

XS
SM
MD
LG