Кайрылуу ошондой эле ЖК спикерине, Жогорку Соттун төрагасына да багытталып, тогуз айдан бери эркинен ажырап, абакта отурган Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү жазылган. И. Кадырбековдун жакындары мамлекет башчыдан, спикерден жана Жогорку сот төрагасынан анын мамлекетке жана элге сиңирген эмгектерин, 60 жаш курагын эске алып, баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүнү суранышкан. Кайрылууда айтылгандай бир жылга жакын убактан бери СИЗОдо отурган И. Кадырбековдун ден соолугу начарлоонун үстүндө.
Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбеков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, деген айып менен 2008-жылдын 25-апрелинде камакка алынган. Бул иштер боюнча анын үстүнөн соттук териштирүү жүрүп жатат. Үч жумадан бери анын кылмыш ишине байланыштуу кошумча соттук экспертизанын жыйынтыгы күтүлүп жатат.
И. Кадырбеков өзү жана БЭК мүчөлөрү анын эркинен ажыратылышын бийлик тарабынан буйрутулган саясий куугунтук, деп белгилөөдө.(ZKo)