Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

“... Орус келе жатыры”


АКШ аскер базасын чыгаруу жөнүндө чечимди парламент колдоп берди.
АКШ аскер базасын чыгаруу жөнүндө чечимди парламент колдоп берди.

Дээрлик бардык гезиттер Америка авиабазасынын Кыргызстандан чыгарылып жаткандыгы тууралуу жазып чыгышты..

“Кыргыз руху” гезитинин суроолоруна жооп берип жатып генерал Исмаил Исаков муну:

- Президент өзү түзгөн үйбүлөлүк кландык бийлигин сактап калуу;
- карыз ала турган акчаны убактылуу элдин оозун басуу жана алдыдагы шайлоодо оппозициялык күчтөрдү утуу үчүн пайдалануу;
- өлкөдөгү демократиялык принциптерден баш тартып, коңшу өлкөлөрдөй тоталитардык режимди түзүү, “демократиялык аралчаны” толугу менен чөктүрүп жок кылуу;
- Орусияга болгон кошомат саясатын улантуу менен оппозициялык күчтөрдү жоготууда алардын колдоосун алуу; - деп мүнөздөдү жана бүгүн Кыргызстан кайрадан орустардын куурчагына айланганын, кыргыз жетекчилиги кожоюндарын тандаганын айтты.

Генерал: “Кыргызстандын азаматтары, патриоттору качан түшүнөсүңөр? Бийликтин мындай туура эмес саясатына биз силер менен биригип бөгөт койбосок, эртең кеч болуп кала турган болуп калды” деп жар салды:

“... жалгыз Аликбекке асылса эмне, ага кошуп 4 бир тууганы садага чабылганы туру. Саясатчы агасы үчүн иниси түрмөгө түшөт деген эмне жорук? Бир тууган иниси Таалай бүгүн Балыкчы түрмөсүндө жатат. Бир туугандары Калык, Малик жана уулу Беккулга жасалган жасалма иштердин түбү кайда алып барат? Бул эмне Жекшенкулов тукумун курут кылмай оюнубу?”

Гезиттин дагы бир макаласы Кочкор элинин президент жана баш прокурорго кайрылуусуна алынган мына ушундай үзүндү менен башталган.

Гезиттин башкы редактору Айзада Авазованын куугунтук тууралуу макаласынын аты “Бийлик Жекшенкулов эмес, Жекшенкуловдар менен күрөшүүдө” деп аталат. Макалада бийлик беш үйбүлөнүн тагдыры менен ойноп жаткандыгы, куугунтуктун арты жакшылыкка алып барбастыгы баяндалат. Бийлик азыр катуу кыйкыргандардан коркпой Текебаев сыяктуу өлкө ичинде, Жекшенкулов сыяктуу өлкө сыртында реалдуу күчкө ээ лидерлерден коркуп жатканын кеп кылат.

“Ачык саясат” гезити “Хипикке” кирбеген Кыргызстан “тупикке” кирген жокпу?” деп суроо коюп: “Америкалыктарды чыгарбай туруп Орусиянын акчасын ала берсек болбойт беле? Миллиондогон долларларды төлөп турган америкалыктарды айдап чыгууга эмне себеп болду? Америкалыктардын базасын Орусиянын олчойгон насыясына алмашканыбыз оркоюп эле көрүнүп турбайбы. Бирок Орусиянын акчасы эртең эле келе койбойт. Анткени алардын да абалы оор. Ошондуктан Орусиянын Кыргызстанга насыя берем дегени - Америка менен келишимге келем дегени”,- деп жазды.

Ушул эле гезит аркылуу “Улуу Биримдик” улутчул-демократиялык партиясынын төрагасы Эмил Каптагаев президент жакында журналисттер менен жолугушуусунда: “...идеологиябыздын өзөгүн кыргыздын макала-лакаптары түзсө, туура болот эле деп ойлоп коем” дегенин шилтеме кылып, эгер президент айтты деп макал-лакаптарды азыркы учурдун идеологиясы деп жарыя кылсак, анда азыркы бийликтин жасап аткан иштерине, жүргүзүп аткан саясатына карата төмөнкү макал-лакаптар кириши керек эле деп эсептейт.

Окуй кетели: “Заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол”, “Пулуң болсо кулуңмун”, “Күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин”, “Оозу кыйшык болсо да, хандын уулу сүйлөсүн”, “Улугуң сокур болсо бир көзүңдү жуумп олтур”, “Улугуң төкөр болсо, аксагын макта”, “Тагаң барда тайраңда”, “Жебеген жер алдында”, “Бара бергиче пара бер” ж.б.д.у.с. Андан ары автор “Азыркы бийликтин мындан башка идеологиясы да, элге бере турган таалим-тарбиясы да жок” деген ойду айтат.

“Агым” гезити бул маселеге башка өңүттөн кайрылып, бүгүнкү күндө базада 1700дөй жумушчу эмгектенсе анын 650гө жакыны кыргыз жараны экенин, булардын көбү аэропортко жакын турган айыл тургундары болорун, сүйлөшө келгенде жергиликтүү элдин көбү кыргыз бийлигинин бул чечимине каршы болуп атканын билдиргенин жазып чыкты. Базада иштегендер 2 күн иштеп, 2 күн эс алып турушкан. Кылган иштерине жараша айлык акылары 300 доллардан жогору.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай быйылтан тартып америкалыктар ичкен суусунан баштап, жашылча жемиштерине чейин жергиликтүү дыйкандардан сатып алмакчы болгон. Муну менен элеттиктердин да капчыгы кампаймак. Ошентип АКШ аскерлери жанкечтиликке эле каршы күрөшпөстөн Чүйдөгү 4 балдар үйүнө 155 миң доллар өлчөмүндө көмөк көрсөтүп, Мраморное айылындагы мектепти капиталдык ремонттон толук өткөрүп берген. Төмөнкү Чүй айлындагы мектеп-интернаттын окуучуларынын калем сабынан тартып кийим-кечелерине чейин сатып берип турган.

Акжол Тынычбек уулу: “Интернаттын алдына спорт аянтчасы курулуп, спорт зал ремонттолуп жаткан. Эми америкалыктар кетсе аны ким бүткөрөт?” деп үшкүрөт. Ошол эле убакта Төмөнкү Чүй айыл тургуну Үсөнкожо Ибраевдин айтуусунда огородуна помидор, бадыраң, картошка тиксе жакшы түшүм бербей келет. Анткени “Боинг” учагы асмандан чачкан май өсүмдүктөрдү кууратып салат экен.

“Кыргыз туусу” гезитинен сиздер “Улуттун улуу уулдарын аныктай турган учур келди”, “Кытайлык кыргыздарга саякат”, “Президент 1-мөөнөтүн ийгиликтүү аяктады”, жакында эле Кыргызстандан Эфиопияга учкан сертификаты жок учакты африкалыктар учурбай кармашканын баяндаган “Асманда баратып мотору токтогон учактар же жүргүнчүлөрдүн өмүрү менен ойогон Настаев икаясы”, “Президент акыйкаттыкты айтты” деген ж.б. макалаларды окууга болот.

“Айгай” гезити мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун: “Бизди адилеттик гана дарылайт” деген орус тилиндеги макаласын “Белый парус” гезитинен көчүрүп жарыялады. Бүгүнкү бийликке мүнөздөмө берген мурунку бийлик өкүлү Бакиевдин эң алгачкы катасы Үсөн Сыдыковду админстрация башчысы кылып дайындаганы болгонун, анын артынан эле мамлекеттик кызматтар уулдарына, бир туугандарына, жакындарына таратыла баштаганын кеп кылат..

Ал эми Бакиевдин башкы катасы катары О. Ибраимов анын Түндүктөн чыккан кадрларды атайылап көрмөксөн болуп жатканы деп эсептейт. Макаласын аяктап баратып ал, бүгүн Акүй ичиндегилер өздөрү кандай жашап атса сырттагы элди да ошондой жашап атат деп ойлоп жатат, ал эми эл Акаев учурунда кандай жашаганын, Бакиевучурунда кандай жашап атканын салыштырууга эң жагшы мүмкүнчүлук алды, ал мүмкүнчүлүктү кудай жалгап К. Бакиев өзү түзүп берди дейт.

XS
SM
MD
LG