Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Өмүрбек Текебаев: Кыргызстандын тышкы саясаттагы аброю жерге түшүп отурат


Президент “Манас” аба базасы боюнча АКШ менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу тууралуу парламент кечээ кабыл алган мыйзам долбооруна кол койду, эми аны аткарышы керек, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев. Анын айтуусунда таразада улуттук ар-намыс турат. “Ансыз да коңшу мамлекеттер биздин жетекчини кыйытып шылдыңдоого өтүштү. Чечим кабыл алынган соң, эми мамлекет башчы сөзүнө турууга тийиш,” деген “Ата Мекен” партиясынын лидери АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу чечим өтө шашылыш кабыл алынган, эл аралык кырдаалга туура келбей турган, ойлонбой жасалган кадам болуп калды, деп эсептейт.
АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу тууралуу АКШ менен түзүлгөн кыргыз өкмөтүнүн келишимин жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун кечээ парламент 78 добуш менен колдоп берген. Аталган мыйзам долбооруна президент Курманбек Бакиев бүгүн кол койду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG