Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Тажикстан НАТО жүктөрүн өз аймагы аркылуу Ооганстанга өткөрүүгө макул


Тажикстан борбору Дүйшөмбү шаарынан бүгүн алынган кабарга караганда, тажик бийлиги НАТОнун аскердик эмес жүктөрүн өз аймагы аркылуу Ооганстанга өткөрүүгө макулдугун берген. Бул жүктөр Тажикстандагы темир жол жана автожол аркылуу Ооганстанга ташылат. Бул тууралуу АКШ адмиралы Марк Харничек (Mark Harnitchek) бүгүн (20-февралда) Тажик сыналгында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Кыргызстан бийлиги “Манас” майданындагы америкалык базаны чыгаруу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин Вашингтон Ооганстандагы анти-террордук коалициялык аскерлер үчүн жүк жеткирүүнүн башка жолдорун да караштырууда.

АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс болсо 19-февралда Польшанын Краков шаарында өткөргөн маалымат жыйынында Кыргыз парламентинин “Манас” аба базасын өлкөдөн чыгарууга багытталган мыйзамды кабыл алгандыгы тууралуу токтолуп, расмий Бишкек менен бул базаны сактап калуу жаатында сүйлөшүүлөр улантыла берээрин билдирди. Кыргыз президенти К. Бакиев болсо бүгүн Бишкек менен Вашингтондун "Манас" аскер аба базасы тууралуу эки тараптуу келишимин жокко чыгаруу тууралуу Кыргыз парламенти 19-февралда кабыл алган мыйзамга кол койду.

XS
SM
MD
LG