Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Сасык тумоонун эне менен балага залалы чоң


Адамдын грипп же сасык тумоого окшогон оорусу жөнүндө билдирүүнү биздин эрага чейин эле Гиппократ жасаган.

Орто кылымдарда да сасык тумоо эпидемиясы жөнүндө бизге жеткен бир нече фактылар катталган.

Грипп же сасык тумоо күчтүү респиратордук вирустук инфекциялар тобуна кирет. Бул топтогу оорулар окшош белгилерге жана аны дарылоонун окшош ыкмаларына ээ болгондугуна карабай, алар ар кандай вирустар аркылуу тарайт. Грипп кичинекей балдар, өнөкөт оорулуу адамдар жана кош бойлуу аялдар үчүн өзгөчө коркунучтуу. №6 шаардык дарыгерлер тобунун гинекологу Жыпара Килебаеванын айтуусунда кош бойлуу аялдар сасык тумоо менен ооруп калса, шартка байланыштуу адистердин кеңешисиз дары-дармектерди ичүүгө тыюу салынат.

Дарыларды ичкенге болбойт. Себеби дары зыян этип, баланын ден соолугуна таасирин тийгизет. Көбүнчө ар кандай чөптөрдөн жасалган витаминдерди беребиз. Эгерде алар жардам бербесе гана, дары-дармек бергенге аргасыз болобуз.

Эгер 12 жумага чейинки аралыкта боюнда бар эне сасык тумоого чалдыкса баланын ден соолугуна таасирин тийгизет. Тактап айтканда наристенин тубаса жүрөк оорусу менен төрөлүшүнө , денесинин айрым мүчөлөрүнүн толук калыптанбай калышына шарт түзөт. Бишкектеги улуттук педиатрия жана балдарды коргоо борборунун бет жаак хирургия бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Мамыралиевдин айтуусунда наристелердин таңдайы же эрини айрык болуп төрөлүшүнүн бир себеби да мына ушул сасык тумоо илдети.

Мына ушул бет жаак хирургия бөлүмүндө 2 жашар кызы менен дарыланып жаткан Айжамал аттуу жаш эне кызынын эрини айрык төрөлүшүнө анын сасык тумоо менен ооруганы себеп болду го деп божомолдойт:

-Жайында боюмда болгонуна эки ай болгондо сасык тумоо менен ооруп калгам. Ошол себептен улам кызым ушундай болуп төрөлүп калдыбы деп ойлойм.

Бала эмизип жаткан учурда энеси сасык тумоо менен ооруп калышы мүмкүн. Ал мезгилде эч коркпой эле эмизе берсе болот. Сүт аркылуу балага өтпөйт. Болгону гигиеналык тартипти сактоо керек дейт борбордогу №3 бейтапкананын балдар дарыгери Райхан Кочкорбаева.

Аны үчүн калыңдыгы бир нече кат болгон бет кап жасап, баланы эмизип жатканда ошол бет капты кийип алуу керек. Эмизип бүткөндөн кийин көпкө кармап отура бербөө зарыл. Үйдү тез-тезден желдетип, таза кармоо талап.

Өзүндө же балада жогоруда көрсөтүлгөн белгилер байкалса, ооруканага баргандан көрө догдурду үйгө чакырган
эп дешет адистер. Анткени башка сыркоологон адамдар менен катыш болуп калышы же соо адамдын ден соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн.

Эгерде грипптен антибиотиктин жардамы менен өз алдынча дарыланууга аракеттенсе андан майнап чыкпайт. Себеби грипп - вирустук инфекция болгондуктан, ал вирусту антибиотиктер өлтүрө албайт. Дарыгерлер ырастагандай тумоолоп калганда суюктукту көп ичүү керек. Мисалы мөмө-жемиштин ширесинен жасалган сок, компотторду, бал жана лимон кошулган чөп чай да айрыкча пайдалуу.

XS
SM
MD
LG