Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Кытайдын абактарында тогуз кыргыз жараны жазасын өтөөдө


Алардын бирине өкүм кылынган өлүм жазасы 19 жылдык түрмө жазасына алмаштырылганын бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кабарлады. Өмүрүнүн акырына чейин олтура турган 4 жарандын жазасы узак убакыттагы түрмө жазасына өзгөртүлгөн. Ал эми 2 жаран өмүрүнүн аягына чейин абакта калышмакчы. Өткөн жылы Кытайдагы Кыргызстандын элчилигинин күчү менен 1 кыргыз аял мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Учурда дагы бир жаранды бошотуу маселеси каралууда. Ошондой эле учурда Кытай тарап менен Кытай жергесинде кылмышка кириптер болгон кыргыз жарандарынын жазасын жеңилдетүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары азыр Кытайдын сот инстанциялары эки кытай жаранын атайы өлтүргөн деп айып коюлган 3 кыргыз жаранын кылмыш ишин карап жатат. Бул маселе Кыргызстандын жана элчиликтин көзөмөлүндө,-деп маалымдайт министрлик.(AzK)

XS
SM
MD
LG