Мындай маалымат кечээ өкмөт күтүүсүз кырдаалдар боюнча жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында айтылды. Жыл бою 312 табигый кырсык болуп, жалпы чыгым 1 миллиард 194 миллион сомду түзгөн. Ошон үчүн өкмөт өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кырсыктардын алдын-алуу чараларын жакшылап, кырсык болчу жерлерди алдын-ала иликтөө, элге маалымат берип, даярдыкты күчөтүү керек деген чечимге келди. Коопсуздукту коргоо тармагын реформалоо үчүн “Жарандык коргонуу” тууралуу жаңы долбоорун иштеп чыгып, парламентке сунуштады.(BD)