Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча мелдешке бардык облус, райондордун ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн 14 команда катышып жатат. Алар министрликтин кубогу үчүн мелдешип жатышат. 23-февралда аяктай турган мелдеште кубоктон тышкары биринчи орунду алган командага “Жигули” маркасындагы машина, андан кийинки орунду алгандарга 70 миң сомдон 150 миң сомго чейинки үч байге берилет.(BD)