Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

БЭК Аксыда жыйын курду


Жыйын Аксы районундагы Кара-Суу айылында болуп, ага 6 айыл өкмөтүнүн 200гө жакын өкүлдөрү жана айыл өкмөт кызматкерлери катышты. Мындай маалымат БЭКтин Улуттук кеңешинин жыйынга катышкан мүчөсү Топчубек Тургуналиевден алынды. Жыйындын катышуучулары саясий куугунтук токтотулсун, Салык Кодекси өзгөртүлсүн деген жыйынтыкка келип, аны президент Курманбек Бакиевге жолдой турган болушту. Жыйынга катышуучулардын айтымында жаңы жылдан күчүнө кирген Салык Кодекси айыл тургундарынын малын көбөйтүп, жерин иштетүүгө тоскоол болууда. Мындан тышкары Кара-Суу айылынын тургундары “Молоташ алтын кени иштетилбесин деген чечимге келишкендигин жана аны иштетүүгө уруксаат беришпей тургандыгын жыйында кабарлашты. (BD)

XS
SM
MD
LG