Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Партиялардын каражатын көзөмөлдөгөн мыйзам кабыл алынышы мүмкүн


Коррупция менен күрөшүү боюнча Улуттук агенттиктин стратегиясында айтылган мындай иш-планы өлкөдө ушул жылдын соңуна дейре кабыл алынышы күтүлүүдө. Аталган мыйзам ошондой эле партиялык жана шайлоо фонддорунун пайдаланышына да көз салмакчы. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” мындай мыйзамды кабыл алуунун артында бийиликке жакпаган партияларды тизгиндеп алардын каржылоосун кыркууга жана бул партияларга кошумча түйшүк артыруу максаты турат деген пикирин билдирди. Саясий партиялардын каражаттарын көзөмөлдөө боюнча мыйзамды Юстиция министрлиги, Борбордук шайлоо комиссиясы, Финансылык чалгындоо кызматы, Улуттук Банк жана коррупция менен күрөшүү боюнча Улуттук агенттик биргеликте иштеп чыгышмакчы. (ES)

XS
SM
MD
LG