Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:59

У. Казакбаев: АКШ Кыргызстанга кысым кыла турган механизмдерди иштетиши мүмкүн


Учурда Кыргызстандын тышкы карызы эки миллиард АКШ долларын түзөт. Алардын бир бөлүгү Дүйнөлүк банктан, дагы бир бөлүгү Париж клубунан алынган. "Бул эл аралык каржы уюмдарда АКШнын таасири абдан чоң. Эми база чыгарылсын деген чечим чыккандан кийин АКШ “жооп кайтарып” Кыргызстанга карата басым кыла турган механизмдерин ишке киргизиши мүмкүн. Кыргызстандын тышкы карызын кайтарууда кыйла тоскоолдуктардын болушу ажеп эмес”, - деп "Эркин муун" либерал жаштар альянсынын теңтөрагасы Урмат Казакпаев “Азатыкка” билдирди. Ал эки миллиард доллар карыздын үстүнө Орусиядан дагы эки миллиард карыз алуу, ал аз келгенсип пайда келтирип жаткан базаны чыгаруу акылга сыйбаган иш болду деп кабатыр. (ES)

XS
SM
MD
LG