Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Каирдеги жарылуудан франциялык бир өспүрүм каза тапты


Жарылуу Египет башкааласынын туристтер көп жүргөн тарыхый борборунда 14 –кылымга таандык Хан эл-Халил базарынын жанында болгон. Жарылуудан каза тапкан өспүрүм Франциядан келген турист экени аныкталды. Жаракат алгандардын көпчүлүгү да чет элдиктер. Египеттин MENA жаңылыктар агенттигинин билдиргенине караганда, коопсуздук күчтөрү экинчи бомбаны таап, зыянсыздандырышкан.

Жарылуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Туризм Египеттин киреше берген негизги булактардын бири. Аналитиктердин айтымында, жакында Газа секторунда Израил менен Хамас тобу ортосунда орун алган жаңжалда өкмөт Израилди катуу айыптай албай койгону үчүн Египеттин коомчулугунда кыжырдануу бар болчу.

XS
SM
MD
LG