Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Чүй жана Ошто “Хизб-ут-Тахрирдин” баракчаларын тараткандар кармалды

Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 21-февралда Чүй жана Ош облусунан диний-экстремисттик уюмдун баракчаларын тараткандарды кармашкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Чоң-Арык айылынын бир тургуну жана Ош шаарынын бир тургуну кармалган. Милиция кызматкерлеринин оперативдүү-изилдөө иштеринин жыйынтыгында Ош облусунун Араван жана Өзгөн, Чүйдүн Токмок шаарындагы бир үйдөн “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна таандык делген китептер, дептерлер, баракчалар, диск жана аудиокассеталар табылган. (КЕ)
XS
SM
MD
LG