Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

23-февраль: Тарых барактары


23-февраль Кыргызстанда мекен коргоочулардын күнү болуп майрамдалат
23-февраль Кыргызстанда мекен коргоочулардын күнү болуп майрамдалат

Ормон хан 1852-жылдын 23-февралында Или суусунун башкы агымын ээлеп алган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 23-февраль биринчи жолу «Мекен коргоочуларынын күнү» деген аталыш менен 2003-жылы белгиленген.

Токмок алдындагы салгылашта Султан Кененсары баштаган казак колу катуу жеңилип, эки тараптуу мамиледе кыргыздардын ташы өйдөлөгөн. Кыргыздардын кол салуусунан чоочулаган казак уруулары буга чейин ээлеп алган жерлеринен сүрүлүп, Түндүк-Батыш багытында жер которууга мажбур болушкан.

Ыңгайлуу учур келгенин илгиртпей туйган Ормон хан 1852-жылдын 23-февралында казактар таштай качкан Или суусунун башкы агымын ээлеп алган. Жер талаш айынан эки калк ортосунда дагы бир калаба чыгып кетпесин деп кооптонгон Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфорд Россия империясынын тыш иштер министрдигиндеги Азия департаментине билдирүү жолдогон. Анын кабарлоосунда Ормон хандын Кененсарыга каршы күрөштө көрсөткөн кааармандыгы жана кыргыз-казак мамилеси толук чагылдырылган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин айрым советтик майрамдар белгиленбей, расмий майрам күндөлүгүнө киргизилбей калган. Эгемендик шарапаты менен унутулган даталардын бири 23-февраль кызыл аскерлердин уюшкан күнү болгон. Калк арасында бул күн аскерлердин, болбосо эркектердин майрамы катары кадыресе майрамдалып жүрөт. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 23-февраль «Мекен коргоочулардын күнү» деген аталыш менен 2003-жылы биринчи жолу расмий түрдө белгиленген.

Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев 2004-жылдын 23-февраль күнү, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев төрт саясий партиянын башы бириккен «Элдик конгресске» кошулууга соңку алты ай аралыганда аракет жасап келет деп билдирген. «Элдик конгресс» Курманбек Бакиевге саясий бирикменин прогаммасын кабыл алып, адилетсиз соттолгон «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Куловду саясий туткун экендигин таанып, коомчулукка ачык жарыялоосун талап кылган. Ө. Текебаевдин айтымында К. Бакиев коюлган талаптарды аткарбагандыктан «Элдик конгресстин» катарына кабыл алынган эмес.

Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкердиги токтотулган Арслан Малиевдин тарапташтары 2005-жылдын 23-февралында Тоң районунун мамлекеттик администрация мекемесин ээлеп алышкан. Алар А. Малиевдин талапкердик укугу калыбына келтирилишин, Тоң районунун акими Нурбек Алиев менен райондук соттун төрайымы Светлана Касырбекова кызматынан кетишин талап кылышкан.

Айтылуу колбашчы Эмир Тимур 1376-жылдын 23-февралында Кыргызстан аймагында орун алган моголдорго каршы кол кураган. Кол башына эмирзаада Жахангирди коюп, өзү болсо алардын аркасынан аттанып, Кыргызстан аймагын карай багыт алган.

Совет мезгилинин башталыш мезгилинде РСФСР менен Түркстан АССРи ортосундагы мамилени жөнгө салууда жанан мамлекеттик-укук маселесин калыптандырууда Түркстан комиссиясы маанилүү роль ойногон. Түркстан комиссиясынын 1920-жылдын 23-февраль күнкү жыйынында РСФСР менен Түркстан АССРинин негизги принциптери талкууга алынган. Жыйында Түркстандын административдик статусу автономиялык республика жана анын этникалык куралышы «түрк улуту» эмес экендиги белгиленет. Мында жашаган калк кыргыз, өзбек, түркмөндөрдөн куралып, алар улуттук жана экономикалык негизде Түркстан Автономиялык РСФСР Республикасына бириккендиги белгиленген.

Русь мамлекетин негиздеген жана биринчи орус князы атыккан Рюрик 879-жылдын бул күнү дүйнөдөн кайткан.

Иоганн Гутерберг 1455-жылдын 23-февралында дүйнөдөгү биринчи китепти басып чыгарган. Биринчи китеп басып чыгаруучу Майнц шаарындагы эски дворяндык уруудан чыккан жана бала чагынан маданият дүйнөсүнө аралашкан. Страсбург шаарында жашап турган маалында ал 1440-жылдары биринчи печаттык станокту чыгарган. Иоганн Гутерберг 1448-жылы Майнц шаарына кайтып келип, өмүрүн жалаң китеп чыгарууга арнаган.

Англис майору Уолтер Уингфилд 1874-жылдын 23-февраль күнү ачык абада ойной турган оюн ойлоп тапкан. Кийин ал оюнга теннис аталышы ыйгарылып, адам баласынын эсалганда болсун же спорт мелдешинде болсун ал алмашкыс оюн түрүнө айланган.

«Московские новости» газетасынын 1881-жылдын 23-февралдагы санына караганда бул күнү «Жигулевское» пивосу чыгарыла баштаган. «Жигулевское» пивосун австриялык дворянин Филипп фон Вакано Самара шаарында өндүрүшкө киргизген. Филипп фон Ваканонун пиво өндүрүшү XX кылымдын башталышында кеңири кулач жая өнүгүп, Биринчи дүйнөлүк согуш убагында алкоголь ичимдиктерине тыю салынып, Филипп фон Ваканонун пиво өндүрүшү убактылуу токтотулган. Совет мезгилинде «Жигулевское» пивосун кайрадан өндүрүлүп, ал башталышында «Венское» деген аталышта чыгарылып, 1934-жылдан тарта кайрадан тарыхый ысмын алган.

Айтылуу француз жазуучусу Эмиль Золя 1885-жылдын 23-февралында камакка алынган. Эмиль Золя «Мен айыптайм» деген макаласында француз бийлигин жана аскер жетекчилигин антисемиттик саясаты үчүн күнөөлөгөн. Жазуучунун макаласында 1894-жылы шпиондук ишкердиги үчүн камакка алынган капитан Альфред Дрейфусту жактаган ойлор айтылган жана андагы демократиялык көз караш расмий бийликке жаккан эмес.

Бенито Муссолини 1919-жылдын 23-февраль күнү Италияда фашисттик партияны негиздеген.

«Советтик тарыхта» катардагы жоокер Александр Матросов 1943-жылдын 23-февраль күнү биринчи жолу душмандын дзотун төшү менен тоскондугу жана анын эрдигин калган аскерлер кайталагандыгы жазылат. Анткен менен Матросовдун «эрдиги» биринчи эмес, андай өрнөк буга чейин 55 жоокер тарабынан жасалган. Бирок советтик иеологияга ылайык Матросовдун «эрдиги» тарыхта биринчи жасалган деп белгиленип калган.

Сталиндик саясатка ылайык Кавказда жашаган чечен, ингуш жана месхетиялык түрктөр 1943-жылдын 23-февралында Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан аймагына депортацияланып баштаган.

Популярдуу «Собеседник» жумалыгынын биринчи саны 1984-жылдын 23-февралында жарык көргөн.

Атактуу француз финансалык мгнаты Меир Амшед Ротшильлд 1743-жылдын 23-февралында жарык дүйнөгө келген.

Айтылуу чех жазуучусу жана антифашист Юлиус Фучик 1903-жылдын 23-февралында туулган. Жазуучунун «Моюндагы сыйыртмак менен репортаж» аттуу белгилүү чыгармасы фашисттик түрмөдөгү өлүм алдында жазылган.
XS
SM
MD
LG