Каирде кечээ болгон жардыруудан франциялык турист мерт кетип, 20 чакты адам жарат алган. Бомба шаардын тарыхый бөлүгүндө, чет өлкөлүк туристтерге толгон чөлкөмдө жарылган. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок. Батыш туристтерине каршы багытталган акыркы мындай ири жардыруу 2006-жылы орун алган.