Ушинтип билдирген элчиликтин маалымат катчысы Турат Макенбаевдин "Азаттыкка" тастыктаганына караганда базаны чыгаруу тууралуу Кыргызстандын нотасын Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев элчи Татьяна Гфеллерге 20-февралда колмо-кол тапшырган. Базага байланыштуу мындан аркы аракеттер боюнча элчилик расмий билдирүү тарата элек. Бул аралыкта АКШ Кыргызстандагы аба-аскерий базасын башка жакка жайгаштыруунун жолдорун караштырып жаткандыгы тууралуу божмолдор айтылууда.(BuS)