Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

Казат Акматов Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык алды


Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовго “Архат” романы үчүн Токтогул атындагы сыйлык берүү тууралуу жардыкка президент Курманбек Бакиев бүгүн кол койду. Мындай сыйлыкты ошондой эле Опера жана балет театрынын солистти Элвира Асанкулова “Травиата” операсында Виолеттанын партиясын аткаргандыгы үчүн алды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Сыйлыгы менен куттуктап Казат Акматовго биринчилерден болуп байланышканыбызда, ал буларга токтолду.
-Өтө кубанып эле чалкалап жатып алгандан алысмын. Өтө керкейип калгандан алысмын таптакыр. Мен мындан жакшы чыгармаларды жарата турган пландарым бар. Ошолорду ишке ашырышым керек, -деди Казат Акматов.(EBM)

XS
SM
MD
LG