Мындай маалымат «Ата Мекен» партиясынын облустагы төрага орунбасары Кадырбек Жакыповдон алынды. Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев кечээ облус борборундагы жана Базар-Коргон районундагы партиянын активи менен жолугушту. Жолугушууда өлкөдөгү коомдук саясий жана социалдык –экономикалык абал менен партиялык ишти Жалал-Абат, Ош, Баткен аймактарында жандантуу маселеси талкууланды. Уюмдун атайын өкүлдөрү Ош облусуна бара турган болушту. Партиянын мүчөлөрү оппозициянын өкүлдөрүнө кысым көрсөтүүлөр менен саясий куугунтуктоолорду токтотуу жөнүндө, эл арасында электр жарыгынын көп өчүрүлүп, азык-түлүк баалары менен жол кирелердин кымбаттыгына нааразылыктар бар экендигин билдиришти, деп маалымдады Кадырбек Жакыпов. (YA)