“Демократиянын көчө сабактары” деген ат менен белгилүү акциялардын уюштуруучулары бул ирет өзгөчө жашыруун саналган плакаттарды элге көрсөтөөрүн кабарлашты. “25” деген кыймылга бириккен демилгечилердин бири Максим Кулешов буга чейинки “Демократиянын көчө сабактарын” өткөргөндүгү үчүн көп ирет административдик жаза алгандыгы менен белгилүү. (BuS)