Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Ташкентте өзбек - түркмөн президенттеринин расмий сүйлөшүүлөрү өтөт


Гурбангулы Бердымухаммедов Өзбекстанга расмий сапар менен кечээ келди. Бул анын экинчи иш сапары. Мурдагы президент Сапармурад Ниязовдун тушунда Ташкент менен Ашхабаддын алакасы начар болчу. Мамиле бийликке Бердымухаммедов келгенден бери жандана баштады. Өзбек президенти Ислам Каримов Түркмөнстанда расмий сапар менен 2007-жылдын октябрында болгон. Эксперттердин айтымында, Ташкенттеги сүйлөшүүлөр учурунда Түркмөнстан - Өзбекстан - Казакстан - Кытай газ куурунун курулушу башкы тема болот. Ал куур аркылуу түркмөн газы Кытайга экспорттолуусу керек. Мындан сырткары соода –экономикалык кызматташтык, аймактык коопсуздук маселелери талкууланары күтүлүүдө.
Гурбангулы Бердымухаммедов ошондой эле маданий иш-чараларга, Түркмөнстандын Ташкенттеги элчилигинин жаңы имаратынын ачылышына катышат.

XS
SM
MD
LG