Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Ө.Текебаев: Жалал-Абадда үй-бүлөлүк башкаруунун “ажайып” жагы арбын


“Ата Мекен” партиясынын лидери Жалал-Абад облусун кыдырып келди. Облуста бийлик жана оппозицияга элдин пикири кандай экени тууралуу Ө. Текебаев “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салып берди.

- Өмүрбек мырза, Жалал-Абад облусунда кайсы райондордо болуп, кандай жолугушууларды өткөрүп келдиңиздер?

- Менин сапарым партиялык багытта болду. Облустагы партиялык уюмдун активисттери, райондордун активисттери менен жолугушуулар болуп өттү. Ошондой эле карапайым жарандар менен да пикир алмашуулар болду.

- Мына ушул жолугушууларда сиз кандай баамдадыңыз, бийлик жана оппозицияга элдин маанайы кандай экен? Сиз өзүңүз Жалал-Абаддан колдоо таптыңызбы?

- Жылдан-жылга убакыт өткөн сайын карапайым калк кырдаалдын туура түшүнүп келатат. Бүгүнкү бийликтин туруктуу багыты, өнүктүрүү концепциясы жок экени көпчүлүккө даана болуп калган. Өзгөчө жалал-абаддыктар, сузактыктар үй-бүлөлүк башкаруунун “ажайып” жактарын көрүп, “тоюшуптур”.

Бакиевдин саясатын колдобой, нааразы болгондордун саны менин оюмча 60% жетип калган. Ал эми Бакиевди колдоочулардын саны кескин азайып, 20% түзүп калган. Бирок эң негизгиси бул сандык өзгөрүү эмес, сапаттык өзгөрүү. Эгер эки-үч жыл илгери “Ата Мекендин” колдоочулар автобустабы, башка жердеби үнүн чыгара албай калган. Анткени Бакиевдин тарапкерлери кыйкырып, агрессия менен туура-туура эмес болсо дагы баарын басмырлап, басынтып, өздөрүнүн моралдык артыкчылыгын көрсөтүп келишкен.

Эми тескерисинче оппозициялык маанайдагы жарандардын үнү бекем чыгып, алардын сөзү орундуу болуп, ал эми “Ак жолду”, Бакиевди колдогондор үн чыкпай отуруп, пассивдүү болуп калган. Мына ошентип бийликтин 20% колдоочулар, өжөрлүгүнө, көптүгүнө салган адамдар өздөрүнүн жаңылышканын мойнуна албастан, баары бир эмне болсо дагы өзүбүздүн жигит дегендей регионалисттик көз карашка алдырган адамдар жана мамлекеттик кызматка көз каранды болгон адамдар гана түзөт. Алар Бакиевдин бийлигин мурдагыдай колдой алышпайт.

- Демек, оппозициянын март айына белгилеп жаткан акциясы Жалал-Абаддан колдоо табат экен да?...

- Март айындагы эле эмес, бардык эле убактагы оппозициянын чакырыктары Жалал-Абаддан колдоо табат деп ойлоймун.

- Мындан төрт жыл илгери Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп, мына ошол кезде февраль айында Акаевдин бийлиги “Азаттыкты” жапкан эле. Азыркы мезгилде “Азаттык” кайрадан кеңири обого чыга албай, жабылып турат. Ошол мезгил менен азыркы мезгилдин айырмасы кандай сиз үчүн?

- Ошол кезге салыштырмалуу баары ылдамдатылган темпте жүрүп жатат. Эгерде чындыкты билүү үчүн элдерге мурда 10-15 жыл керек болсо, азыр бир нече жыл жетиштүү болуп калды. Мен Жалал-Абад облусунда жүргөндө бардык райондун адамдары “Азаттык” радиосунун угулбай калгандыгы жөнүндө айтышты. Маалымат жок. Бирок ошого карабай бүгүнкү байланыштар заманында маалымат элге тез тарайт экен. “Азаттык” ультракыска толкундарда чыгып, эски атам замандагы ящиктей болгон радиокабылдагычтарды оңдоп алып, угуп жаткандар бар экен. Чындыктын баркы, баасы ал жок болгондо мына ушинтип билинет экен.

- Жалал-Абадды кыдырууга чейин Таласта болдуңуздар эле. Эми башка региондорго да сапар болобу?

- Жакынкы пландарымда Ысык-Көл жана Чүй облусундагы партиялык активдер менен жолугам. Бул партиялык гана иш эмес, бул "Бириккен Элдик кыймылдын" алкагында да жасалып жаткан иш. Анткени БЭКти партиялар жана башка уюмдар түзөт. Эгер партиялар партиялар күчтүү, оперативдүү болсо Бириккен оппозициялык кыймыл да күчтүү болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG