“Жалал-Абатта “Азаттыкты” бийлик угузбай жаап атса да, эл түрдүү жолдор менен угуп жатышыптыр,” деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын төрагасы. Анын таңкы түз ободогу маектешүүдө айтканы боюнча аймагы жагынан чоң, элинин саны жагынан көптүк кылган Жалал-Абат облусунда элдин 60% азыркы бийликтин саясатын туура түшүнүп, ага каршы болушууда. Ал эми бийликтин саясатына аргасыз макул болуп, унчуга албай отурган 20% адамдар –мамлекеттик кызматкерлер жана “кантсе да өзүбүздүн балабыз” деген жердешчилик сезимге алдыргандар, дейт Өмүрбек Текебаев.
“Ата Мекен” партиясынын төрагасы, БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Текебаев акыркы күндөрү Жалал-Абат облусунда болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп кайтты.(ZKo)
“Ата Мекен” партиясынын төрагасы, БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Текебаев акыркы күндөрү Жалал-Абат облусунда болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп кайтты.(ZKo)