Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Бакиевге добуш берет белеңиз?


“Сиз экинчи мөөнөттө Курманбек Бакиевге кайсыл жетишкендиктери үчүн добуш берээр элеңиз же бербейт элеңиз?” деген суроо менен “МК Кыргызстан” гезити айрым атуулдарга кайрылган. “Дело №...” гезити Мамлекеттик күзөт кызматынын ыйгарым укугу дагы кеңейтилип, казынадан ала турган акчасы дагы көбөйгөнүн жазып: “Президент шайлоого даярданып жатабы же бир тууган инисне камкордук кылып жатабы?” деп суроо койду.

“МК Кыргызстан” гезитинин суроосуна айрым атуулдар төмөнкүдөй деп жооп беришти:

СДПК мүчөсү Жыргалбек Турдукожоев: - Өтө татаал суроо. Бирок К. Бакиевди экинчи жолу шайлагыдай бир да ишин билбей турам. Анын саясатта да, экономикада да, социалдык тармакта да көзгө урунарлык ийгилигин көргөн жокмун.

Жеке ишкер П. Алексей: - Бир ай мурда сурасаңар мамлекет башчысынын кайрадан шайлоого барганга моралдык акысы жок деп жооп берет элем. Бирок акыркы күндөгү окуялар, америкалык авиабазаны чыгаруу чечими, Орусиядан чоң суммада карыз алмай болгону, Камбар-Ата ГЭСтерин куруу пландары менин оюмду кайра өзгөрттү.

“Акжолчу” депутат Ибрагим Жунусов: - Президенттин Конституция боюнча 2-мөөнөткө барууга акысы бар. Акаев убагында өлкө казынасы - 15-17 млрд. сомдон ашпаса, Бпакиев убагында ал 44 млрд. сомго жетти. Анын үстүнө ал калкка кайрылуусунда бардык жоопкерчиликти өзүмө алам деп айтты. Буга чейин минтип бир дагы мамлекет башчысы айталган эмес. Акаевдан айырмаланып, Бакиев шайлоого бара тургандыгын мүлтүлдөтпөйле ачык жар салды, муну менен ал шайлоого катыша турган атаандаштарынын даярдануусуна да мүмкүндүк берди.

Тарых илимдеринин кандидаты, профессор Айнура Жоробекова: - Мен Бакиевге добуш берсем анын “анжиян полкасы” үчүн эмес, Ганси авибазасын чыгаргандыгы үчүн добуш беремекмин. Ал эми чынын айтсам бүгүнкү бийликке көңүлүм тойбойт.

“Ак шумкар” партиясынын мүчөсү Нияз Токоев: - Мен Бакиевди 2-мөөнөткө шайлабайм. Менин оюмча ал компетенттүү адам эмес. Коррупция менен күрөшөйүн, реформа жасайын деген ниети жок. Аны мындан ары президент кылбоого ушул эле нерселер жетиштүү.

Галина Левченко, үй кызматындагы аял: - Мен шайлабайт элем. Саясатын деле жакшы билбейм. Бирок ал президент катары эч нерсе жасаган жок. Баалар күн санап өсүүдө, эл кетүүдө, өлкө болсо бардакка айланган. Президентте кадыр-барк да калган жок.

Ушул эле гезиттеги макаласында Мадрид университетинин политология жана исламды изилдөө боюнча доктору Кадыр Маликов “Жакырчылык экстремисттик диндердин таралышын шарттап жатат” деп айтты. Маликовдун байкоосунда ушу тапта президенттин Коопсуздук Кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүн туура эмес талкууга алуудан Кыргызстан этиет болгону оң.

Ошону менен бирге эле Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы менен өлкөдөгү диний билим берүү тармагы реформалоого муктаж. Дин өкүлдөрүнүн интелекттик деңгээлин көтөрүү менен калктын диниге болгон көз караштарын агартуу зарыл.
Маликовдун айтымында Кыргызстанда салттуу ислам өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушуна аралашуусу керек.

Политолог ошондой эле быйылкы жылы өлкөдө диний нааразычыктар чыгышы мүмкүндүгүн божомолдойт. Эгер Батыш өлкөлөрүндөгү нааразылык митингдери социалдык теңдик чакырыгынын алдында өтсө, Кыргызстанда, өзгөчө жаштар арасында диний баалуулуктардын алдында өтүшү мүмкүн. Эл жакшы жашоо жышаанын, мыйзам акыйкаттыгын жана диний-нравалык коопсуздугун сезе албаса кандай гана реформа жүргүзүлбөсүн ал ар дайым майнапсыз аяктайт деп эсептейт.

“Дело №...” гезити “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” жана “Казына каражатын мыйзамсыз жумшаган” деген статьялар менен мурдагы коргоо министри И. Исаков, анын мурдагы орунбасары Б. Югай, коргоо министринин башкы башкармасынын начальниги Т. Сатывалдиев, аскер бөлүгүнүн командири Р. Эгимбаев, анын орунбасары Н. Каимовго козголгон кылмыш иштери Баш прокуратура тарабынан тергелип бүтүп, Бишкек гарнизондук аскер сотуна өткөрүлгөнүн кабарлады.

Гезиттин ушул эле 1-бетинде оппозиция эл аралап, жер-жерлерде жолугушууларды өткөрө баштаганын, 1-мартта Бишкекте оппозициянын чогулушу болорун А. Бекназаров билдиргенин маалымдады. Ал эми “Мунун эмне кереги бар эле?” деген макалада Мамлекеттик күзөт кызматынын ыйгарым укугу дагы кеңейтилип, казынадан ала турган акчасы дагы көбөйгөнүн жазып чыккан гезит: “Президент шайлоого даярданып жатабы же бир тууган инисне камкордук кылып жатабы?” деп суроо койду.

Гезит андан ары Жогорку Кеңештин депутаты, “Манас” аэропортундагы Ганси авибазасынын чыгарылышына жападан жалгыз каршы добушун берген Бакыт Бешимов менен аңгеме курду. Бакыт мырза маегинде, ушул күндөрү АКШ менен Орусия ортосунда каршылык болуп атканын, кыргыз парламентинин чечиминде “Биз Орусия үчүнбүз!” дегендердин күчү көп болгонун белгилеген.

Бешимов деле Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда жылуу мамиленин болушун каалайт. Бирок Путиндин геосясый стратегиясына макул эмес. Анын үстүнө Ооганстандагы от али өчө элек. Кокус талибандар күчөсө анын кесепети Кыргызстанга тиет. Бекеринен Борбор Азияны “Азиянын Балканы” деп аташкан эмес. Бул чөлкөмдө ансыз деле жанкечтилик жана экстремисттик уюмдар жетиштүү.

Ал эми Кыргызстандын коррупциялашкан саясый режими мындайларга каршы турганга кудурети жетпейт. ШКУ да, ОДКБ да бул маселени чече албайт.

Андан ары Бакыт Бешимов балдарынын улуусу АКШда иштеп жатса, кичүүсү Гарвард университетинин студенти экендигин, өзү Америкага тез-тез каттап, англис тилинде дарс окуп, семинарларды өткөрүп турарын да кошумчалаган.

Ушул эле гезит жакында президент К. Бакиев үчүн жасалган жаңы учак Кыргызстанга келерин, мындай учактар олигархтар арасында өтө популярдуу деп саналарын, өлкөнүн транспорт министриндеги атка минерлер Бакиев учагынын анык баасын айтпай жатканын, бирок мындай учуактар 13, 3 млн. долларга жасаларын жазып чыкты.

Азаттыктан угуңуз

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG