Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Кыргызстанга Дүйнөлүк банктын жаңы дайындалган өкүлү келди


Дүйнөлүк банк тараткан маалыматка ылайык бүгүн Кыргызстанга Борбор Азиядагы беш өлкө боюнча өкүл Мото Кониши президент Курманбек Бакиев жана башка өкмөт мүчөлөрү менен таанышуу максатында келди. Алдын ала айтылып жаткан маалыматтар боюнча жолугушууларда ДБ тарабынан каржыланып жаткан долбоорлордун натыйжасы талкууга алынып, эки тараптуу кызматташуунун келечеги тууралуу сөз болмокчу.
Мото Кониши Дүйнөлүк банкта 1981-жылдан бери иштейт. Бул кызматына чейин ал Европа жана Борбор Азия аймактары боюнча транспорт секторунун менеджери болуп иштеген. Ал Борбор Азиядагы суу, транспорт, санитария жана башка долбоорлор менен иш алып барган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG