Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Барак Обама Америка элин кайраттуу эмгекке чакырды


Барак Обама Конгрессте элге кайрылды
Барак Обама Конгрессте элге кайрылды

Былтыр күздө президенттик шайлоо кызуу өтүп жатканда эле Барак Обама жеңип чыкса Ирак, Ооган согушу жана Улуу Депрессиядан кийинки эң бир оор экономикалык кризис менен алектенүүгө мажбур болоорун жакшы билген. 24-февралда АКШнын президенти бийликке киришкенден беш жумадан кийин Конгресстин эки палатасынын алдында жана элге кайрылуу жасады.

Барак Обама учурдагы көйгөйлөрдүн тереңдигине токтолуп, аларды кандайча чечээрин баяндады. Обама ошондой эле америкалыктар ынтымакташып, кайраттуу эмгектенсе, экономиканы кайра тикелей алат деген ишенимин билдирди.

Обама чү дегенде эле бүгүнкү оор кырдаалды сүрөттөөдөн баштады:

- Азыр америкалыктардын көбү үчүн экономиканын абалы башкы көйгөй экендигин билем. Биздин экономика кризисте экендигин билиш үчүн, эч ким дагы жаңы статистиканы окушу керек эмес, ал ар кимибиздин башыбызда турат. Кризис түн ортосунда ойгонсок, уйкубузду качырууда.

Бирок Обама бул абалдан чыгууга болот деген оптимисттик кыязда сүйлөдү:

- Бул рецессиянын кесепетин сезип, көрүп жатабыз. Бирок биздин экономикабыз чабалданып, өзүбүзгө болгон ишенимден тайыздап жатканы менен бүгүн мен бардык америкалыктарга айткым келет: Биз өлкөнү кайра курабыз, бутубузга турабыз. Ошондо Америка Кошмо Штаттары мурдагысынан да күчтүү болот.

Бир эле мезгилде президент алдыда турган милдеттер оор жана чыгымдары көп экендигин эскертти. АКШнын казна департаменти банктарга жана башка финансылык институттарга 700 миллиард долларддык кордун жарымын сарптап койду. Ал эми Обама өткөн аптада 787 миллиард доллардык экономиканы стимулдаштыруу планына кол койду.

Обама Сенаттын жана Өкүлдөр палатасынын биргелешкен жыйынында сүйлөдү, бирок ал американын элине түз кайрылып жаткандыгын баса белгиледи. Кайсы бир мерчемде ал Конгресстеги оппозициядагы республикачыларды көрмөксөнгө салды.

Республикачылар эки палататада тең азчылыкты түзүшөт, ошого карабастан Обаманын куткаруу планына айыгышкан каршылык көрсөтүштү. Ал эми Обаманын шейшембидеги кайрылуусунан кийин 2012-жылы президенттикке талапкер болушу мүмкүн деп айтылып жаткан Луизиана штатынын республикачыл акими Боби Жиндал Обаманын планын кайрадан сынга алды:

- Демократиялык партиянын жетекчилери алардын мыйзам долбоору менен экономика өсөт деп жатышат. Иш жүзүндө бюрократия өсөт, салыктар көбөйөт, келечек муундарды карызга батырабыз. Бул барып турган жоопкерчиликсиздик.

Обаманын сөзү баштан аяк дээрлик бир гана экономикалык кризиске арналды. Бирок ал эл аралык саясатка да кайрылып, ал-Каида террористтеринин Пакистандагы жашырынган жерлеринен Кошмо Штаттарына каршы чабуул даярдашына анын администрациясы жол бербей тургандыгын белгиледи.

Сөзүнүн аягында президент глобалдык экономика көйгөйлөрүнө кайтып келди:

- Терроризм, ядролук куралдын жайылышы, жугуштуу оорулар, кибернетикалык коркунучтар, итке минген жакырчылык өңдөнгөн 21-кылымдын проблемаларын жеңүү үчүн биз эски шериктештиктерибизди бекемдеп, жаңы шериктерди табабыз. Улуттук дараметибизди толугу менен пайдаланабыз. Глобалдык масштабдагы экономикалык кризис менен күрөш үчүн биздин финансылык системага болгон ишенимди бекемдеп, протекционизмдин жайылышына жол бербөө үчүн жана америкалык товарларга дүйнөдөгү талапты күч алдыруу максатында биз учурда өнүккөн 20 өлкө менен иштешип жатабыз.

Обама сөзүнүн соңунда Кошмо Штаттары дүйнөлүк экономикага таянса гана гүлдөп-өнүккөн сыяктуу, дүйнө АКШнын таянса гана өнүп-өсөөрүн белгиледи.

XS
SM
MD
LG