Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Ордо Кеңешке оппозиция өкүлдөрү эмне үчүн кирбей калды?


Коомдук Ордо Кеңештин кечээки алгачкы жыйынында төрагалыкка шайланган Кубанычбек Сыйданов бул уюмдун максаты, мындан аркы аракеттери тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, оппозициянын өкүлдөрүнө Ордо Кеңешке киргенге анын жобосу жол бербейт деп айткан сөзү таң калтырды. Анткени Ордо Кеңештин жобосунда оппозициянын жолун тоскон чектөөлөр жок.

- Коомдук Ордо Кеңешке төрага болуп шайландыңыз, биринчи кадамыңыз эмнеден башталат?

- Биз регламентти карап чыгалы деп атабыз, анан кийин этика жөнүндө жобо бар экен, ошону азыр талкуулайлы деп атабыз, бүгүн эле алдык, анын эч нерсесин окуп чыга элекпиз. Анан кийин биз алардын комитетин, кеңеш шайлашыбыз керек экен. Алардын баарын биз отуруп алып жасайлы деп атабыз.

Негизи Кыргызстандагы элдин жашоосунун мындан ары жакшы болушу үчүн, элдин көйгөйүн, пикирлерин президентке, бийликке жеткирип, бийликтин жасап жаткан ишин элге жеткирип, бүгүнкү жашоодон кийинки жашоолор жакшы болушу үчүн жасала турган иштер болушу керек. Республикада мындай Ордо Кеңеш биринчи жолу түзүлүп атат, эми мунун үстүнөн көбүрөөк иштешибиз керек баарыбыз.

- Сиздер айтып жатасыздар, Ордо Кеңеш бийлик бутактары менен президенттин жана элдин ортосундагы көпүрө болот деп. Бирок эл арасында бул бийликтин, президенттин буйругун аткаруучу кол бала болчу кеңеш деген пикирлер болуп жатат. Ага кандай дейсиз?

- Эл деген эл, ар кандай сөз айта бериши мүмкүн. Эгерде биз эл арасындагы маселелерди аткарбай, бийлике жеткирбей, жалаң эле бийликтикин аткарсак анда Ордо Кеңештин иши туура эмес деп эсептейм. Ордо Кеңеш - консультативдик жана анализ жасаган, болуп аткан нерселердин баарын бийликке, президентке, укук коргоо органдарына жеткире турган орган. Жалгыз эле биз бийликтикин аткарсак туура эмес болуп калат.

- Азыр бийлик менен оппозициянын ортосунда диалог болбой жатат, оппозиция бийликти сүйлөшүүгө барбай жатат деп күнөөлөп, бийлик болсо оппозиция жөн жерден доомат артып жатат деген пикирлерди айтып жатат. Ушул жагынан көпүрө боло алабы?

- Бул жагынан дагы биз көпүрө болушубуз керек. Анткени баарыбыздын кылган ишибиз бир, Кыргызстандагы жашаган элдин жыргалчылыгы мындан дагы жакшы болсун деген. Ал үчүн бийлик менен оппозициянын ортосунда тил табышуу болуш керек. Биз ушуга көпүрө болгонго макулбуз.

- Оппозициянын өкүлдөрүнүн айтып жаткан дооматтарына сиз төрага катары кандай баа бересиз?

- Мен бүгүнкү күндө эч кандай баа бере албайм. Анткени оппозициянын мүчөлөрүнүн ар бири менен сүйлөшкөн жерим жок. Гезиттерге ар кандай нерселерди жазып атат, аны мен туура деп эсептей албайм бүгүнкү күндө.

- Ордо Кеңештин тутумуна оппозициянын өкүлдөрүнөн бирөө дагы кирген жок, ага кандай дейсиз?

- Ал жобосунда бар экен, алар кирбейт экен, алар буга мүчө болууга мүмкүнчүлүгү жок экен, ошон үчүн болбой калды.

- Бул алардын укугун басмырлоо эмеспи?

- Мен аны билбейт экемин, биз жобого карата иш кылып атабыз.

- Мындан ары ушул маселеге кайра көңүл бурасыздарбы?

- Эң туура айтасыз, көңул буруш керек, алар деле Кыргызстандын жарандары, буга биз сөзсүз көңүл бурабыз.

- Ишиңиздерге ийгилик болсун, рахмат.


P. S. Ордо Кеңештин жобосунда бул уюмга оппозиция өкүлдөрү мүчө боло албайт деген эреже жок. Маселен, жобонун Ордо Кеңештин курамы жана түзүү тартиби деген экинчи бөлүгүндө мамлекеттик тиешелүү органдардан каттоодон өтпөгөн саясий партияларга, ассоциацияларга (союздарга) жана коммерциялык эмес уюмдарга Ордо Кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерин көрсөтүүгө жол берилбейт деп жазылып турат.

XS
SM
MD
LG