Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:56

Жашылдар партиясынын лидеринин соту бүгүн да жылдырылчудай


Президент Бакиевдин беделине шек кетти деген арыз боюнча сот иши бүгүн төртүнчү ирет кийинкиге жылдырылганы турат. Күнөөлөнүп жаткан “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев ооруканада жаткандыгына байланыштуу бүгүнкүгө белгиленген сот отурумун жылдырууну сурап сотко кайрыларын “Азаттыкка” билдирди. Башкы прокуратура Бөлөкбаевди карикатура аркылуу президент Курманбек Бакиевдин беделине доо кетирди деп күнөөлөп, сотко берген. Саясатчы муну куугунтук деп балап, президенттен кечирим суроо тууралуу соттун сунушун четке каккан. (BuS)
XS
SM
MD
LG