Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Өкмөт жаңы Салык кодексин кыска мөөнөттө кайра карап чыкмай болду


Өкмөт жаңы Салык кодексиндеги үч жобону кыска мөөнөттө кайра карап чыкмай болду. Алар - кыймылсыз мүлктөн, сатыктан алынуучу салыкка, патентке байланышкан жоболор. Мындай тапшырманы өкмөткө президент Курманбек Бакиев кечээ өткөн Стратегиялык өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында берди. Президент Салык кодексине чукул өзгөртүү киргизүү демилгесин өзүнө жолдонгон көп сандаган арыз-даттанууларга негиздеди. 1-январдан баштап күчүнө кирген жаңы Салык кодексиндеги бул үч жобо салык төлөөчүлөрдүн олуттуу нааразылыгын жаратып келатат.(BuS)

XS
SM
MD
LG