Жогорку Кеңештин депутаттары Искак Масалиев, Арапбай Төлөнов жана Нургазы Айдаров “Коомерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” жана “Юридикалык тараптарды мамлекеттик каттоого алуу жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүштү. Муну мыйзамчылар чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө, Кыргызстанга келген каражаттардын террорчул жана экстремисттик уюмдардын колуна түшүп калышын алдын алуу максаты менен негиздөөдө. Укук коргоочулар бул демилгени бейөкмөт уюмдарга адам укуктарын коргоо долбоорлоруна берип жаткан Эл аралык уюмдардын каражаттарын чектөө максаты менен байланыштырууда. Мурдагы адилет министри Марат Кайыповдун билдиргенине караганда Кыргызстанда 16 миңге жакын бейөкмөт уюм бар, алардын 2 миң чамалашы активдүү иш алып барат.(BuS)