Тез аракеттенүүчү атайын отряддын мааракесине карата салтанат бүгүн ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин катышуусу менен болуп өттү. Анда атайын бөлүктүн кызмат өтөп жүрүп курман болгон төрт кызматкери эскерилип, алардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардамдар тапшырылды. Мындан тышкары 20 жыл мурун бул отряддын катарын түзгөн ардагерлерге да министрдин сыйлыктары берилди.(ZKo)