Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Өткөн жылы мамлекетке 272,4 млн. сомдук зыян келтирилген


Эсеп палатасынын аныктаганы боюнча 2008-жылы каржылык мыйзам бузуулардын натыйжасында мамлекет 272, 467 млн. сомдук чыгашага учураган. Анын ичинен 18,5 млн. сомдон ашууну уурдалып, дээрлик 213 млн. сом коромжуга учуратылган. Бул тууралуу бүугүн Эсеп палатасынын жылдык жыйынтык чыгаруу жыйынында маалымдады. Анда белгиленгендей өткөн жылы Эсеп палатасы тарабынан 274 иш тартип коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, 44 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. 26 киши соттолуп, 210 адам дисциплинардык жазага тартылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG