Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:47

Көз карандысыз комиссия: Ноокат окуясын тергөөдө жана соттоодо адам укугу өтө тебеленген


Мындай тыянагын 10 укук коргоочудан турган көз карандысыз комиссия бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анда белгиленгендей Ноокат окуясы үчүн кармалган ондогон адамдарды Орозо айт күнкү тополоңду “уюштурганын жана катышканын” мойнуна алдыруу үчүн Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана милиция жалаң кыйноо иштерин жүргүзгөн. Комиссиянын иликтөө учурунда Ноокат окуясына тиешеси бар деп кармалгандардын туугандары жана жакындарына учурунда кабарланган эмес, кармалгандар кайсы жерде камалып турганы тууралуу маалымат жашырылган. Эң негизгиси Ноокат окуясына тиешеси бар деп кармалгандарды айыбын мойнуна алдыруу үчүн күч кызматкерлери кыйноонун өтө оор ыкмаларын колдонушкан. Алардын арасында кармалгандарды таманын автомат жана союл менен сабоодон баштап, алардын дин тутуусун шылдыңдоого, кош бойлуу аялдарды түрдүү жаман сөздөр менен кемсинтүүгө чейинки ыкмалар бар. Айыптуу деп шектелгендерге адвокат алууга мүмкүнчүлүк берилген эмес, тергөөчүлөр тарабынан сунушталган адвокаттар өздөрүнүн милдетин так аткарышпаган. Ал эми көз карандысыз адвокаттар сот жараянына чейин бул иш менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышкан эмес. Соттук жараян негизинен окуя болгон жер – Ноокатта эмес, Ош шаарында өткөн. Соттук териштирүүгө коомчулук, маалымат каражаттары, укук коргоочулар киргизилген эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG