АКШ мамлекеттик департаменти 2008-жылкы адам укугунун абалы тууралуу жарыялаган отчетун жарыялап, анда Кыргызстанга байланыштуу мына ушундай тыянагын чыгарган. Аталган департаменттин отчетунда белгиленгендей Кыргызстанда 2007-жылы 16-декабрда болгон парламенттик шайлоо президентчил “Ак жол” партиясынын пайдасы үчүн көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөн. Мындан тышкары өлкөдө адам укуктарынын бузулушу, сөз эркиндигинин муунтулушу, митинг-пикет өткөрүүгө аракеттенгендерди жана оппозиция лидерлерин куугунтуктоо, сот системасынын бийликке көз карандылыгы, коррупциянын күч алышы жана жарандардын дин тутуу эркиндигинин сакталбашы күч алгандыгы айтылган. Булардын ичинде көз карандысыз журналист Алишер Саиповдун өлүмүнөн тартып, өткөн жылы бир нече эркин басылмалардын сот тарабынан жабылганы, “Азаттык” үналгысынын жергиликтүү толкундар аркылуу угуучуларга жеткирүү токтотулганы белгиленген. Ал эми бийликтин аракетинин натыйжасында түрмөлөрдөгү абал бир аз жакшырып, кургак учук менен ооругандарга көңүл бурула баштаганы айтылган. Ошондой эле адам укугун коргоо боюнча эл аралык уюм кыргыз бийлиги коррупция менен күрөшүү үчүн бир катар майда аткаминерлерди кызматынан бошотуп, кылмыш ишин козгогонун мисал кылат.(ZKo)