Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

"Кипр жаңжалы" дале туюкка кептелип турат


Бүгүн Кипрде грек-киприоттор менен түндүктөгү түрк-киприоттордун жетекчилери аралдагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча 20-жолку көзмө-көз сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.

Түндүк Кипр Түрк Жумуруятынын президенти Мехмет Али Талат менен грек-киприоттордун президенти Димитрис Христофяс бүгүн Никосиядагы орток зонада дагы бир жолу жолугушуп, өткөн жылы башталган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн чегинде аралдагы эки жамааттын ортосундагы менчик укуктар маселесин талкууга алышат.

Түндүк Кипр Түрк жумуруятынын президенти Мехмет Али Талат өткөн аптада айткан сөзүндө кезектеги айлампада күн тартиптеги башка бир маселени талкуулай башташы мүмкүн экенин билдирген эле.

Бүгүн баштала турган айлампа 19- февралда өткөрүлмөк болчу, бирок грек- киприоттордун лидери Христофястын кайнатасы кайтыш болгондуктан, бүгүнкү күнгө калды.

Европалык Биримдик менен ага мүчөлүккө кирүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келе жаткан Түркия Кипр жаңжалынан улам кыйчалыш абалда келатат. Аталган аралда 1963- жылы уруш чыгып, 1974- жылы Түркия бул жакка аскер киргизген.

Түркиянын премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган чет элге болгон саякатынын жүрүшүндө айткан сөздөрүнүн биринде “Түркиянын куралдуу күчтөрү жана Түркия эч качан Кипрде оккупант болгон жок. Түркиянын куралдуу күчтөрү гарантөр (кепил) дөөлөт катары ал жердеги бир туугандарын коргош үчүн гана аралда турат” деп ырасмий Анкаранын турумун дагы бир жолу чагылдырды.

Ошондой болсо дагы, саясий байкоочулардын пикиринде, үстүбүздөгү жыл аралда чечүүчү жыл болмокчу. 2005- жылдан бери Европалык Биримдик менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келе жаткан Түркия Кипрдеги жаңжалдан улам Брюссел менен 33 бөлүмдүн бери дегенде жарымын да талкуулап чече албай келет. Ошол бөлүмдөрдүн бешөөсүнө Франция бөгөт койду. Евробиримдиктин аралдагы жаңжалды чечүүдө Анкарага кысым жасай бериши Түркияда Биримдикке карата коомдук пикирдин начарлатып, өлкөдө реформа жараянынын аксап-солгундашына алып барууда.

Кыскасы, Кипр жаңжалын жөнгө салуу жараяны туюкка такалып калган шекилдүү. Бул туюктан чыгыш үчүн Эл аралык Кризис тобу ”ЕБ-Түркия-Кипр туюгунан чыгуу” деген жаңы бир интернет баракчасын ачты. Кризис тобу бул баракчада Кипр жаңжалы жана Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуу жараянынын тегерегиндеги маселелерди талкуулап, окурмандардын жана саясатчылардын ой-пикирлерине орун берүүнү көздөйт.

XS
SM
MD
LG