Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Amnesty International:Кыргызстан адам укуктарын чектеп атат


Кыргызстан адам укуктары боюнча ишмердүүлүктү олуттуу чектеген өлкөлөрдүн катарына кошулушу мүмкүн. Amnesty International эл аралык уюму "Мемориал" укук коргоо борборунун башчысы Виталий Пономаревдун Кыргызстанга киргизилбей коюшуна байланыштуу ушундай билдирүү таратты. Понамарев эми беш жылга чейин Кыргызстанга кире албайт. Мындай чечимди Улуттук Коопсуздук комитети кабыл алгандыгын “Азаттыкка” чегара кызматынын маалымат катчысы Үсөн Полотов билдирди. Өзүнүн чечиминин негиздери тууралуу Коопсуздук кызматы расмий билдирүү тарата элек. Понамарев январь айында Ноокат окуясы боюнча 32 адамдын сот жообуна тартылышы боюнча баяндама жарыялаган. Кечээ Бишкекке келген укук коргоочуну Чегара кызматы аба бекетинен кайра Москвага кайтарып жиберди.
Кыргызстан ушуну менен экинчи укук коргоочуну депортациялап отурат. Былтыр ноябрда Кыргызстанга келген Норвегиядагы Хельсинки комиссиясынын өкүлү Ивар Дале мекенине кайтарылган. (BuS)

XS
SM
MD
LG