Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Швециянын элчиси саясий абалга кызыкты


Швециянын элчиси Ханс Олсон мындай кызыгуусун “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев менен кечээ жолугушканда билдирди. Партия төрагасынын “Азаттыкка” айтымында, Швеция быйыл Европа Биримдигине төрагалык кылуу милдетин ала тургандыгына байланыштуу Борбор Азиядагы кырдаал менен таанышуу үчүн жолугушууларды өткөрүп жатат. Темир Сариев жолугушууда кыргыз бийлиги акыркы парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүдө одоно мыйзам бузууларга баргандыгын жана өнүккөн батыш мамлекеттери ага көз жумду, кош стандарттуу мамиле кылгандыгын баса белгилеген. Швеция элчиси болсо президенттик шайлоо быйыл өткөрүлө турган шайлоо мыйзамдарынын эл аралык стандарттары менен шайлоочулардын укуктарынын сакталышына дыкат байкоосалынаарын билдирип, дүйнөлүк каржы кризисинин Кыргызстанга тийгизген таасирине да кызыккан.(BD)

XS
SM
MD
LG