Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

“Ак шумкар” партиясы өкмөттү сотко бериши мүмкүн


Аталган партиянын төрагасы Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, буга партияны Адилет министрлиги эмне үчүн кайра каттоодон өткөрбөй койгондугу боюнча түшүндүрмө берүү өтүнүчүнө өкмөт башчынын жооп бербегендиги башкы себеп. Мыйзам боюнча өкмөт өтүнүчкө 30 күн ичинде жооп берүүгө милдеттүү. Мөөнөт эбак өткөндүктөн сотко кайрылууга партия мажбур болууда деген Темир Сариев БЭК мартта өткөрө турган нааразылык акцияларын идеологиялык, материалдык жана уюштуруучулук аракеттерин өз мойнуна алууга партия толук жарамдуу жана мүмкүнчүлүгү жетет деп билдирди. Азыр партиянын өлкө боюнча төрт миңден ашык мүчөсү жана бардык региондордо баштапкы партиялык уюмдары иштеп, партияга кирүүгө кызыккан адамдардын саны өсүүдө. БЭК кыймылынын жетекчилиги марттагы нааразылык акцияларын уюштуруу милдетин “Ак шумкар” партиясына сунуштаган жана партия анда социалдык-экономикалык, анын ичинде пенсия, жөлөк пулдарды көлөмүн кайра карап чыгуу, азык-түлүккө бааны көзөмөлдөө, айлыктарды көтөрүү талаптарын коюу чечимине келген. Адилет министрлиги болсо партияны ички жобосунун талабына ылайык кайра каттай албай тургандыгын билдирген.(BD)

XS
SM
MD
LG