Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Аба ырайы: Шашылыш билдирүү


Жаан-чачындын арбын жааганына байланыштуу 28-февралда Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек- Ош жолунун 121-138, 198-265 чакырымдарында Ала-Бука-Канышкыя, Кара-Кулжа- Алай-Куу, Каракол- Сары-Жаз авто жолдорунда кар көчкү жүрүшү ыктымал. Ала-Тоо аймагында жаан чачын болбойт. Чүй, Талас,Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарынын кээ бир жерлеринде туман түшөт. Бийик тоолу аймактарда жолдор тайгак болот. Сыдырым жел жүрөт, Ысык-Көл жергесинде анын ылдамдыгы секундасына 10-14 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3....-8 кундүзү +3....+8 даража
Талас облусунда түнкүсүн -3....-8, күндүзү +2....+7 даража
Баткен чөлкөмүндө түнкүсүн -1....-6, күндүзү +4....+9 даража
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0....-5, күндүзү +5....+10 даража
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -3....-8, кундүзү 0....+5 даража
Нарын жергесинде түнкүсүн -13....-18, күндүз -2....-7 даража


Бишкек шаарында жаан чачын болбойт, туман капташы ыктымал. Сыдырым жел жүрөт. Абанын температурасы: түнкүсүн -4....-6 күндүзү +6....+8 даража жылуу.

XS
SM
MD
LG