Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Түштүктөгү жападан жалгыз соттук-медициналык экспертиза бюросу имаратсыз калды


Мындай маалыматты бюро жетекчиси Ибрагим Нарбаев таратты. Анын айтымында, 192 кесиптеши эмгектенген мекеме эскиргендиктен, бюджеттин эсебинен 780 миң сом жумшалып, ремонттолгон эле. Ошого карабастан шаар бийлиги имаратты муниципиалдык менчик катары эсептеп, былтыр ушул жерде ижарада турган «Чолпон» диагностикалык борборуна 400 миң сомго баалап, сатып жиберген. Бюро кызматкерлеринин Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңешке жана Саламаттыктыкты сактоо министрлигине кайрылуусунан майнап чыкпагандыктан, талашка сот аркылуу чекит коюуну чечишти. Ал эми Чолпон Исмаилова имаратты аукцион аркылуу мэриядан сатып алгандыгын, аны эски ээсине кайтаруу ниети жоктугун билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG