Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Партиялардын парламенттеги ишмердигине Нарындагы ар бир үчүнчү шайлоочу ишеним артпайт


Мындай маалыматты «Нарын kg» медиа борбордо болуп өткөн парламенттик саясий партиялардын иштөөсүнүн мониторинги аттуу коомдук угуу жыйынында айтылды. Маселен, саясий партиялардын парламентте иштегендигин сурамжылоого катышкан жарандардын 34,3 пайызы Кыргызстан Коммунисттер партиясына, 33,8 пайызы «Ак жол» партиясына өтө жаман деп баа беришкен. Бул көрсөткүч Кыргызстан социал-демократиялык партиясына карата 28,7 пайызды түзгөн. ал эми коомдук угуу маалында «Ак шумкар», «Ата Мекен» партияларынын өкүлдөрү партиялардын жер-жерлерде ишмердүүлүктөрү бийлик тарабынан бирдей шартта мамиле жасалбастыгын белгилешти. (KUs)

XS
SM
MD
LG